Акыркы суткада коронавирустан үч адам көз жумду. 162 жаңы учур катталды
- 2 года мурун
5-февралга карата Кыргызстанда COVID-19дун 162 жаңы учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 92;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 42;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 7;
Баткен облусу – 4.
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 199 326га жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 385. Жалпы — 190 368.
Бир сутка ичинде каза болгондордун саны — 3. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2 899.
Стационарда 913 жана амбулатордук түрдө 3 609 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү