«Акыркы кат» спектакли түрк дүйнөлүк фестивалда башкы сыйлыкка ээ болду
- 8 месяцев мурун
Казакстандын Актау шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин III эл аралык театр фестивалында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын «Акыркы кат» спектакли «Эң мыкты спектакль» номинациясын жеңип алды.
Кайрат Иманалиевдин чыгармасынын негизинде Уланмырза Карыпбаев тарабынан сахналаштырылган бул спектакль түрк элдеринин тарыхын чагылдырган мыкты чыгарма катары бааланды.
Башкы сыйлыкты Казакстандын белгилүү театр сынчысы, профессор Сания Кабдиева тапшырды.
Муну бөлүшүү




