Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 11-январда Финансы министрлигине караштуу Салык кызматында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында өкмөт башчынын салык кызматкерлерине бир канча тапшырма бергени айтылат. Ага ылайык, Жапаров салыкчыларды быйыл 150 миллиард сом, ал эми бажычыларды 100 миллиарддай сом чогултууга милдеттендирди.

Салык кызматы 2021-жылы чогулган салыктын жалпы көлөмү тууралуу азырынча толук маалымат бере элек. Мекеме былтыр тогуз айда 2 миллиард сомдон ашык акча чогулганы, бул мурдагы жылкы ошол мезгилге салыштырмалуу болжолдуу 70 миллион сомго көп экенин билдирген.

Жогорку Кеңеш былтыр жыл аягында жаңы Салык кодексинин алып, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Бул документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьекттеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган деп айтылган. Министрлер кабинети мунун бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максаты менен негиздеген.

Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы «Дордой», «Дордой Моторс» жана «Таатан» өңдүү базарлардагы соодагерлер нааразылык акциясына чыгышкан. Айрым ишкерлер жаңы “Салык кодекси” мамлекеттин кызыкчылыгында бир тараптуу жазылып калганын айтып, президентти ага кол койбоого, артка кайтарууга чакырышкан. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты