Акылбек Жапаров менен жолугушууда Алайдын Таш-Короо айыл тургундары Сары-Ташта таш алууга лицензияны жокко чыгарууну талап кылышты  

  • 2 года мурун

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарында жол жээгинде чогулуп турган Алай районунун   Таш-Короо айылынын тургундары менен жолугушту.  

Чогулгандар айылга жакын жердеги Сары-Таш участкасынан буга чейин таш алууга уруксат берилген лицензияны жокко чыгарууну жана чалгындоо жүргүзүп жаткан компаниялардын ишин токтотууну талап кылышты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Таш-Короолуктардын айтымында айылга жакын жайгашкан кен экологиялык жактан кооптуулук жаратып, жайыт жерлерди талкалоого учуратып жатат. 

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров маселени документтерди көрүп чыгуу менен бир айдын ичинде жөнгө салууну, тийиштүү адистердин катышуусунда комиссия түзүү менен жеринде кен аймагын текшерип чыгууну айтты. 

Райондун Гүлчө айыл өкмөтүнүн карамагындагы Таш-Короо айылында 1800дөн ашык калк жашайт. 2015-жылы айылга жакын аралыктагы таш кенине 4 компания чалгындоо иштерине уруксат алган.

Сүрөт: gov,kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты