Акылбек Жапаров Майлуу-Суудагы авариянын себептери дыкат иликтене турганын айтты

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Майлуу-Суудагы авариянын себептери дыкат иликтене турганын айтты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров Майлуу-Сууга келип, жылуулук тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жергиликтүү калкты жылуулук жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Министрлер кабинетинин башчысы суу түтүктөрүндөгү авариянын келип чыгуу жагдайларын, анын ичинде шаардык коммуникациялардын алдыдагы кышка даярдалбай калышынын себептерин тыкыр иликтөөнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле гуманитардык жардамды чыгарып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү жана суу жылыткычтарды берүү үчүн үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү тапшырды.

Андан соң Министрлер кабинетинин башчысы жылуулуксуз калган батирлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

«Ушул ызгаардуу суукта сиздер кыйын кырдаалга кабылып турасыздар. Сиздер жалгыз эмессиздер. Биз жылуулук жана суу берүүнү тез арада калыбына келтирүүгө болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Кошумча трансформаторлор орнотулуп, суу кезеги менен ар бир үйгө жеткирилип жатат. Кырсыктын келип чыгуу себептери дыкат иликтенет. Прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат», — деди Акылбек Жапаров. Ал оңдоо иштерине бюджеттен 20 миллионн сом бөлүнөрүн кошумчалады. 

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жылуулук түтүктөрүнүн 70 пайыздан ашыгынын эскилиги жеткенин билдирди. Жылуулук тармактарындагы бузулууларды оңдоого оперативдүү оңдоо бригадалары тартылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты