Акылбек Жапаров Кытай элчиси менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар кыргыз айыл чарба продукциясын Кытай рыногуна экспорттоо, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жогорулатуу, «Түндүк-Түштүк» унаа жолунун курулушун жыйынтыктоо жана кытай өкмөтү тараптан шаардын унаа жолдорун реконструкциялоо жана ирригацияга берилген гранттык каражаттардын өздөштүрүлүшү маселелерин талкуулашты.

Жапаров Кыргызстан Кытай Эл Республикасын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири катары карай турганын билдирип, соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилеген.

Мындан тышкары ал Министрлер Кабинети инвесторлордун коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр экендигин кошумчалаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты