Акылбек Жапаров: Кеткенге дагы даярмын, иштегенге дагы даярмын

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 15-февралда, Министрлер кабинетинин жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Акылбек Жапаров кызматтан кетет экен деп, бирок Президенттин басма сөз кызматы аны төгүндөдү, ал эми өзү канча иштейин деген ою тууралуу суроого мындай деп жооп берди:    

-Эртең менен багымдат окуган киши катары айтып коеюн,  кечээки күнгө баралбайт экенбиз, эртеңки күн кудайдын буйругу экен. Мага чейин кимдер келип, кимдер кеткен эмес, кеткенге дагы даярмын, иштегенге дагы даярмын. Эртең менен 7де келип, 10го (кечки)  чейин иштеп жатам.  Буга Президент Садыр Нургожоевич жана эл баасын берет го деген ойдомун.

Экономикада сыйкырдуу таякча жок, экономикада туруктуу өсүп-өнүгүп кеткенге жок дегенде үч жыл керек. Ушул нукта кете бере турган болсоңор, үч жылда баарын ордуна коюп бере турган ниетим бар. Иштеп берейин деген ой-пикиримди айтып жатам, — деди Акылбек Жапаров.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты