Акылбек Жапаров кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ата мекендик кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба тармагына колдоо көрсөтүү жана антикризистик чараларды иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Акылбек Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун 9 кластер боюнча, анын ичинде эт продукциясы (бодо мал жана кой-эчки, канаттуулар, балык), сүт продукциясы, ун, кант, өсүмдүк майы, жашылча-жемиштер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

«Биз жеңилдетилген насыяларды берүү жана каржылоо, лизинг аркылуу кластерлерди өнүктүрүү жолу менен агроөнөр жай комплексине зарыл колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. Мамлекеттик банктар, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонд» ачык акционердик коому өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана өлкөнүн тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрүнө болгон муктаждыктарын камсыздоо максатында тийиштүү каржылоону сунуштайт. Мен жума сайын азык-түлүк коопсуздугу маселелерин чечүү иретинде жумушчу жолугушууларды өткөрүүгө даярмын», — деди Жапаров.

Жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга агрардык секторго колдоо көрсөтүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты