Акылбек Жапаров: Көмүр менен камсыз кылууда көйгөй жок

  • 2 года мурун

Калкты жана бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылууда көйгөй жок.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 19-октябрда билдирди. 

-Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБде 253 миң тонна көмүр жана 4,2 миң тонна мазут бар. Оштогу ЖЭБди, ошондой эле калкты, бюджеттик уюмдарды жана мекемелерди көмүр менен камсыз кылууда көйгөй жок. Отун базаларында көмүр бар. Калктын аяр катмарына бир тоннадан көмүр бекер таратылды. Баткен облусунда жашаган 875 үй-бүлөгө 603,8 тонна көмүр акысыз берилди,- деди ал. 

Эгерде өткөн жылдарда жылына 1,5 млн тоннага чейин көмүр казылып алынса, быйыл 3,5 млн тоннага чейин көмүр казып алуу пландалып жаткандыгын да Минкабинет башчысы кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты