Акылбек Жапаров: Биз «жакыр өлкө синдромунан» баш тартуудабыз

  • 2 года мурун

Кыргызстан «жакыр өлкө синдромунан» баш тартууда жана колдогу бардык жеке ресурстарды пайдаланууга умтулуп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолуккан учурда айтты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жолугушуу 18-ноябрда Армениянын баш калаасы Ереванда өттү.

Тараптар салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык өнүктүрүүнү талкуулашты.

«Биз үчүн Орусиянын салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруудагы тажрыйбасы абдан маанилүү. Жакын арада бюджеттин киреше бөлүгүн салык жана бажы башкаруу тутумун толук санариптештирүү жолу аркылуу жогорулатууну көздөп жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, өкмөт башчылар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы биргелешкен ишти жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүүнү талкуулашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты