Акылбек Жапаров: «Биз мамлекеттик машинаны кайрадан куруп чыктык десек болот»

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 23-ноябрда, Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  2022-жылдын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы боюнча отчет берди. Акылбек Жапаров «Биз мамлекеттик машинаны кайрадан куруп чыктык десек болот. Жаңы от алган машинаны андан ары айдап кетишибиз керек» деп билдирди.

Жыйында ошондой эле 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси жана келерки 2024-жылдын мамлекеттик бюджетинин долбоору да каралмакчы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров өлкөнүн экономикасында өнүгүү, өзгөрүү тууралуу баяндама жасады.

«Кечээ өлкөнүн ички дүң продукциясы бир триллион деген чектен өттү. Орточо айлык 32 миң сомго жетти. Инфляцияны колдон келишинче төмөн кармап жатабыз» деди Акылбек Жапаров.

Статкомдун маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы пандемияга байланыштуу 8,4% чейин түшүп кеткен. Ал эми кайра 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыккан.

Кыргызстандын ИДПсы 2011-жылы 250 млрд сомго чыгып, жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Кийинки көрүнүктүү өсүү 2017-жылы болгон — 500 млрд сомдон ашкан.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы октябрдын аягына карата 5,9 млрд долларга жетти. Анын 4 млрд 486 млн доллары тышкы карыз, 1,5 млрд доллары ички карыз.

Кыргызстан тышкы карызды төлөө үчүн быйылкы тогуз айда 22,5 млрд сом сарптады.

Отчетту аяктап жатып Акылбек Жапаров «Биз мамлекеттик машинаны кайрадан куруп чыктык десек болот. Жаңы от алган машинаны андан ары айдап кетишибиз керек» деди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты