Акылбек Жапаров Беларуска барат
- 4 месяца мурун
Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-4-июнда иш сапары менен Беларуска барат.
Жумуш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин башчысы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышат.
Мындан тышкары, «Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу» пленардык сессиясына катышуу жана «Белагро-2024″эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө баруу пландаштырылган.
ЕӨАКнин кезектеги отурумунда 10дон ашык маселе каралат, анын ичинде 2023-жыл үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету, 2023-жыл үчүн.
Сүрөттө: Беларусь өкмөтүнүн имараты. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү