Акылбек Жапаров Абдулла Арипов менен жолугушту
- 3 months мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга жумушчу сапары учурунда Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов менен сүйлөшүүү жүргүздү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Министрлер кабинетинин башчысы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жана чек арага чектеш облус башчыларынын кеңешинин, ошондой эле өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.
Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.
«Өз ара сооданын көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар жана ири биргелешкен долбоорлорду, атап айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун тез арада ишке ашырууга умтулабыз» деди Арипов.
Акылбек Жапаров Өзбекстанда жумушчу сапары менен жүрөт.
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.