Акылбек Жапаров: 2023-жылы консолидацияланган бюджет 500 млрд сом өлчөмүндө пландалууда

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик салык кызматында жыйын өткөрдү. Ал бир катар тапшырмаларды берип, 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сом өлчөмүндө бекитүү пландалып жатканын белгиледи.

Акылбек Жапаров салык чогултуу планы толук көлөмдө аткарылышы керектигин белгиледи. 

«Электрондук эсеп-фактураларга толугу менен өтмөйүнчө, товарлардын кыймылын эсепке алуу кыйынга турат. Бирдиктүү салык төлөм картасы, «Салык төлөөчүнүн кабинети» сыяктуу долбоорлорду толуктап иштеп чыгып, ишке киргизүү керек. Контрабанда тууралуу унутпаңыздар, планды кыйналбастан аткаруунун бирден-бир жолу — контрабанданы толугу менен токтотуу» деди Министрлер кабинетинин башчысы. 

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов белгилегендей, ушул жылдын 9 айында 148 млрд сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган. 

«2022-жылдын январь-сентябрь айларында салык кызматы тарабынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү түрүндө 148 млрд 125 млн сом жыйналды, бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,3 млрд сомго көп», — деди салык кызматынын башчысы. 

Ал кошумчалагандай, 111 млрд 755,4 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулган. Белгиленген план 236,8 млн сомго ашык аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 35 млрд 906,6 млн сомго көп чогултулган (өсүү темпи 147,3%). 

Акылбек Жапаров бир катар тапшырмаларды берип, 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сом өлчөмүндө бекитүү пландалып жатканын белгиледи.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты