Акыйкатчынын орун басары болуп Жаныбек Жоробаев шайланды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчынын орун басарлыгына Жаныбек Жоробаев шайланды.

Жоробаевдин талапкерлигин Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева сунуштады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Жаныбек Жоробаев Акыйкатчынын орун басары болуа шайланды. Бул багытта Жогорку Кеңештин тийиштүү токтому кабыл алынды.

Депутаттар ошондой эле Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карашты.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты