Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев каза тапты  

  • 4 месяца мурун

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев 39 жашында бүгүн 31-декабрда, Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде кайтыш болгон.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Шухрат Айтиев Акыйкатчынын орун басары болуп, 2023-жылы июнь айында дайындалган.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун журналистика борборунун директору, Жогорку Кеңеште сектор башчысы, ошондой эле, транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин директору болуп эмгектенген.

Акайкатчы Жамиля Жаманбаева жана Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты Шухрат Анваровичтин жакындарына жана үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт. Ал мыкты юрист катары адам укуктарынын корголушуна чоң салымын кошуп кеткендиги белгиленди.

Шухрат Айтиевдин жубайы эки уул жана эки кызы калды.

Маркумду жерге берүү тажиясы эртең, 1-январда саат 13.30да Жалал-Абад шаарында боло тургандыгы айтылды.

Сүрөт: Акыйкатчы институту тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты