Акыйкатчыга Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймак тургундары ичүүчү суу  көйгөйү боюнча кайрылды  

  • 1 месяц мурун

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл өкмөтүнүн тургундары ичүүчү суунун көйгөйү чечилбей келе жатканы боюнча Акыйкатчыга кайрылды.

Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.  

Жергиликтүү бийликтин маалыматында, 2020–2021-жылдары Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) көзөмөлүндө  “Жумгал Суу Курулуш” жана “Профит Экспресс” компанияалары тарабынан жалпы суммасы 235 млн 181 миң сомду түзгөн “Таза суу” долбоорун ишке ашырган. Долбоор 2023-жылы аяктап, пайдаланууга берилгени менен Кызыл-Ураан, Үч-Терек, Саргата айылдарынын таза суу көйгөйү ушул күнгө чейин чечилбей келет.

“Биздин эл эми сууга жеттик деп сүйүнүп жатканда кайра эле баягы көйгөй башталды. Системада суу басымы төмөн болгондуктан, айрым үйлөргө суу жетпей, жумалап чыкпай калат. Суунун сапаты да жакшы эмес. Айрым учурда таза эмес саргайган суу келет”деди Саргата айылынын тургуну Б.Н.К.

Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 2025-жылдын 4-июлундагы корутундусуна ылайык, Саргата жана Үч-Терек айылдарында таза суу менен камсыздоодо суу түтүктөрүнүн сапатсыз курулганы, долбоорлоо процессинде кеткен каталардын айынан айрым үйлөргө суу 15 күндө араң жетери сыяктуу кемчиликтери белгиленген.

Айыл аймагында атайын лаборатория жана тиешелүү кызматкер жок болгондуктан, ичүүчү суу 3 жылдан бери лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлбөйт.

Үч-Терек айыл аймагынын тургундары ичүүчү суунун 1 куб метрине 31,70 сом төлөшөт. Бул тариф облустун башка калктуу конуштарына жана борбор калаага салыштырмалуу бир топ жогору.

Мисалы, Токтогул шаарынын өзүндө суунун 1 куб метри – 17,75 сом, Бишкекте суунун 1 куб метри — 10,45 сом.

Айыл тургундары жергиликтүү бийлик органдары менен ортомчу компаниялар көйгөйлөрдү чечүү боюнча натыйжалуу чара көрбөй, жоопкерчиликти бири-бирине жүктөп жатканына арызданышты.

Үч-Теректеги кырдаал мамлекеттик жана донордук программаларды ишке ашыруудагы системалуу кемчиликтерди айгинелейт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматында, 2019-жылдан бери жалпысынан 88 таза суу долбоору ишке ашырылып, ага 5,7 миллиард сомдон ашык каражат жумшалган.

Мындай масштабдагы каржылоону эске алганда, айрым долбоорлордун натыйжасыздыгы бюджеттик жана донордук каражаттарды максатсыз пайдалануу, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктер тууралуу олуттуу суроолорду жаратууда.

Жамиля Жаманбаева Үч-Терек айыл аймагында түзүлгөн кырдаалды жарандардын негизги социалдык жана экологиялык укуктарынын бузулушу катары белгилеп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине расмий кат жөнөттү.

Анда Акыйкатчы 2019-жылдан бери ишке ашырылып жаткан таза суу менен камсыздоо боюнча бардык долбоорлоого комплекстүү аудит жүргүзүүнү сунуштайт.

Сүрөт: Акыйкатчы институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты