Акыйкатчы тууралуу мыйзамга кол коюлду. Тынчсызданууларга акыйкатчы институту түшүндүрмө берди
- 10 месяцев мурун
Президент “Акыйкатчы тууралуу” мыйзамга кол койгон. Анда акыйкатчы институтунун ыйгарым укуктары кеңейген. Ушундан улам айрым уюмдар Кыйноонун алдын алууга каршы улуттук борбор жоюлат деген божомолдогон. Акыйткатчы институту тынчсызданууларга жооп берди.
-Институт конституциялык мыйзамга кол коюлганга чейин эле, өз ыйгарым укуктарынын алкагында, кыйноолордун жана ырайымсыз мамилелердин алдын алуу боюнча активдүү иш алып барып келген жана мындан ары да уланта берет.
“Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесине ылайык, акыйкатчы кайсы убакта болбосун кармалгандарга, алдын-ала камоо жайларына, соттолгондор жазасын өтөөчү жайларга жана мажбурлап дарылоочу жана кайра тарбиялоочу мекемелерге, психиатриялык ооруканаларга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.
2024-жылы акыйкатчы жаза аткаруу кызматынын (ЖАК), Ички иштер министрилигинин (ИИМ), Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жабык жайларына 258 жолу инспекция жана мониторинг жүргүзгөн. Алардын жыйынтыгында кармалгандардан жана соттолгондордон 139 арыз түшүп, анын 36сы кыйноолорго байланыштуу болгон.
2024-жылы арыздардын негизинде укук коргоо органдарына 6 көңүл буруу актысы жөнөтүлүп, анын жыйынтыгында 22 кызматкер жоопкерчиликке тартылган.
2025-жылдын 8 айында кыйноолор боюнча 39 арыз келип түшкөн.
“Институттун ыйгарым укуктарынын кеңейүүсү жана анын укуктук макамынын бекемделүүсү кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелердин жана жазалардын алдын алуу боюнча ишти күчөтүүгө мүмкүндүк берет.Улуттук алдын алуу механизми – акыйкатчы институтунун кеңейтилген мандатынын алкагында, көз карандысыздык, ыкчамдуулук жана эл аралык стандарттарга берилгендик принциптерин сактоо менен ишин улантат” деп айтылат маалыматта.
Президент “Акыйкатчы тууралуу” мыйзамга кол койгон. Анда акыйкатчы институтунун ыйгарым укуктары кеңейген. Ушундан улам айрым уюмдар Кыйноонун алдын алууга каршы улуттук борбор жоюлат деген божомолдогон.
Сүрөт: Акыйкатчы институту




