Акыйкатчы Караколдогу тергөө абагынын кармоо шарттары менен таанышты  

  • 5 месяцев мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Караколдогу тергөө абагына камалгандардын кармоо шарттары менен таанышты.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, камералардын биринде чет элдик жарандар —  Россиянын үч жараны, Өзбекстан жараны, Монголиянын жараны чек арадан мыйзамсыз өтүп жатканда кармалышкан.

Башка камерада алтоо — милициянын мурдагы кызматкерлери Акыйкатчыга сот жыйындарында алардын укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Алардын бири  баңгизатын таштап салышып, жалаа жаап жатышканын айтты. 

Ал эми милициянын мурдагы үч кызматкери баш коргоо чарасына — камакта жаткандарына макул эмес. 

Тергөө абагына Акыйкатчы барган кезде 69 киши кармалып турган, алардын бирөө — аял, дагы бири — өспүрүм. Акыйкатчы камактагы аялдын шарты менен таанышты. Аны пробация шарттарын бузганы үчүн соттун чечими менен тергөө абагына киргизишкен. Башка бир камерада 17 жана 18 эки жаш жигит бар.

Мындан соң Акыйкатчы камактагыларды сейилдетүүгө алып чыгуу шарттары менен таанышты.

Имараттын жетекчилиги Караколдогу тергөө абагынын имараты 1900-жылдарда курулгандыгын айткан. Тергөө абагы 142 адамга эсептелген.

“Имарат эски. Камактагылардын кармоо шарттарынын нормаларына ылайык келе турган жаңы имаратты куруу талап кылынат” деп белгиледи Акыйкатчы.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды Караколдогу тергөө абагынын жаңы имаратынын курулушун тездетүүгө чакырат.

Сүрөт: Акыйкатчы басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты