Акыйкатчы институтунун имаратын капиталдык оңдоого 25 млн сом бөлүнүп, мекеме имараты жаңыланды

Институтту оңдоп-түзөө иштерине финансы министрлиги 25 миллион сом каражат бөлгөн. Акыйкатчы институтунун имараты оңдоп-түзөөдөн өтүп, кызматкерлер жаңыланган мекемеде иш алып барууда.

Акыйкатчы институту 2024-жылдын октябрь айында имаратын реконструкциялоо иштерин баштаган.

Аталган институт жайгашкан имарат  республикалык маанидеги тарыхый жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргендиктен, анын сырты өзгөртүлбөстөн жаңыланды.

Имараттын арткы короосу жашылдандырылып, “Укук аллеясы” ачылып, жарандарыбыздын эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлдү.  

Оңдоп-түзөөнү караштуу мамлекеттик имараттар департаменти ишке ашырды.

Имарат 1932-жылы салынган.  Бул жерде 1941-жылы Москвадан Кызыл туулу Суворов ордендүү 385-Кричев аткычтар дивизиясынын штабы жана саясий бөлүмү, Куйбышев аскердик-инженердик академиясы, “Билим” коому, ишкерлер ассоциациясы жана башка мекемелер жайгашкан.
2009-жылы Акыйкатчы институту көчүп келгенден бери имарат бир да жолу оңдолгон эмес.

Акыйкатчы институтунун имаратын капиталдык оңдоого 25 млн сом бөлүнүп, мекеме имараты жаңыланды
Акыйкатчы институтунун имаратын капиталдык оңдоого 25 млн сом бөлүнүп, мекеме имараты жаңыланды
Акыйкатчы институтунун имаратын капиталдык оңдоого 25 млн сом бөлүнүп, мекеме имараты жаңыланды
Акыйкатчы институтунун имаратын капиталдык оңдоого 25 млн сом бөлүнүп, мекеме имараты жаңыланды
Акыйкатчы институтунун имаратын капиталдык оңдоого 25 млн сом бөлүнүп, мекеме имараты жаңыланды
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты