Акыйкатчы институту: Республикалык топтоо пунктунда аскерге чакырылгандар үчүн шарт жок  

  • 1 месяц мурун

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аскерге чакырылгандардын жана кызмат өтөп жаткан жоокерлердин укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүп келет.

Институт кызматкерлери Коргооо министрлигине караштуу республикалык топтоо пунктунун казарма бөлмөлөрүн, жуунучу жайларды, санитардык түйүндөрдү (даараткана), ашкана, видеокөзөмөл тутумун жана башка маанилүү объекттерди карап чыгышты.

Республикалык топтоо пунктунун күзөттөгү үч жоокери жана аскердик милдетин өтөөгө чакырылган жарандар менен маектешти. Республикалык топтоо пунктунун жетекчилиги менен аскерге чакыруу жараянынын уюштуруудагы кыйынчылыктар жана көйгөйлөр талкууланды.

Институттун кызматкерлери барган учурда республикалык топтоо пунктунда аскерге чакырылган 50дөн ашуун жигит болгон. Мониторинг убагында санитардык-гигиеналык шарттар өтө начар абалда экени аныкталды. Куралдуу Күчтөрдүн ички кызматынын уставынын 174-пунктуна ылайык, ар бир 15–20 адамга бир душ бөлмөсү (душ кабинасы) жана ар бир 5–7 адамга бир кол жуучу жер болуусу шарт. Бирок, топтоо пунктунун аймагында болгону төрт гана кол жуучу жер жана бир душ бөлмөсү орнотулган. Санитардык түйүндөр эскирип, оңдоого муктаж. Даараткана сыртта жайгашкан. Ал дагы санитардык талапка жооп бербейт. Гигиеналык талаптардын сакталбаганы аскер кызматкерлеринин жана жоокерлердин саламаттыгына зыян келтириши толук ыктымал.

Ал эми коопсуздук жана видеокөзөмөл жаатында да көйгөйлөр бар. Алсак, казарманын ичинде жарык жетишсиз, айрым бөлүктөрүндө лампалар иштебейт. Видеобайкоо чектелүү гана аймактарды камтыйт. Бул тартип бузууларга жана уставдык эмес мамилеге жол ачышы мүмкүн.  

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жогорудагы кемчиликтердин жана укук бузуулардын негизинде Коргоо министрлигине атайын сунуштамасын жөнөтүп, бул мыйзам бузууларды жоюу жана шарттарды камсыз кылуу боюнча конкреттүү чараларды көрүүгө чакырып, кат жолдоду.
Коргоо министрлиги Акыйкатчынын катынын негизинде кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен тиешелүү кызматкерлер тартип жоопкерчилигине тартыларын билдирди. Ошону менен катары эле, күзгү аскерге чакырууга чейин кемчиликтерди оңдоорун маалымдады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты