Акыйкатчы институту балдар иштери боюнча комиссиялардын негизсиз чечимдерин белгиледи


Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкеке шаарынын Ленин, Свердлов, Биринчи май, Октябрь райондорунун балдар иштери боюнча комиссияларынын ишмердүүлүгүнө жана 2024-жылы кабыл алган чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзгөнүн билдирди.

“Иликтөөнүн жыйынтыгында, комиссиянын мектепти көп калтырган жана жүрүм-туруму начар окуучуларды Бишкек шаарындагы №10 күндүзгү жана кечки жалпы билим берүү мектебине которуу боюнча айрым чечимдери негизсиз болгону аныкталды. Балдардын жүрүм-турумунун өзгөрүшүнун жана сабактан калып жаткан учурлардын себептери такталбай, социалдык абалы терең талданбай үстүртөн чечим чыгарылган” деп айтылат маалыматта.

Комиссиянын чечими менен бир жыл ичинде №10 мектепке 65 бала которулганы белгиленген.
• Ленин району боюнча – 26;
• Биринчи май району боюнча – 25;
• Октябрь району боюнча – 3;
• Свердлов району боюнча – 11 бала которулган.
Аталган мектепте балдар 2 смена менен окушат. Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери барганда эртең мененки кезекте окуган окуучулар сабак учурунда билим алгандын ордуна класстарды тазалап жатышкан.
Ал эми, түштөн кийин окуган класстардын окуучуларынын көпчүлүгү сабакка келбейт.

9 ”В” жана 10 “В” класстарынын окуучуларынын бири да сабакка келишкен эмес.

Бул атайын мектепке жайгаштырган балдардын жүрүм-туруму, сабактарга катышуусу тиешелүү органдар тарабынан көзөмөлдөнбөй жатканын көрсөтөт.


“Комиссия балдарды №10 мектепке которуу чечимин кабыл алганда баланын жашаган жерин, ата-энесинин макулдугун алышкан эмес. Бул чечим балдардын билим алуусуна жана коопсуздугуна таасир берүүдө. Анткени, жаңы мектеп жашаган жеринен алыс жайгашкандыктан кээ бир балдар сабакка барбайт” деп белгиледи Акыйкатчы институту.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 38-беренесине ылайык, мамлекет турмуштук оор кырдаалдагы адамдарга билим алуу укугун ишке ашырууга шарт түзүп берет.
Окуучуларды аталган мектепке жайгаштыруу менен олуттуу маселелер чечилбей, баланын окуусуна кайра тоскоолдуктарды жаратып, укуктары бузулууда.

Ошонун негизинде Акыйкатчы Институту Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов, Биринчи май, Октябрь райондорунун Балдар иштери боюнча комиссияларынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүүгө жана №10 мектептин мугалимдеринин иш-аракеттерин карап чыгуу сунушу менен Башкы прокуратурага кат жолдогон.

Башкы прокуратура аталган мектептин директорунун милдетин аткаруучу Н.А.М. милдетин так аткарбаганы үчүн кызматтан бошотулганын, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ж.М.Э.ге сөгүш жарыяланганын кабарлады.

Мониторингдин жыйынтыгы менен Министрлер кабинетине комиссиялардын ишине көзөмөлдү күчөтүү жана  “Балдар иштери боюнча комиссиянын”  жобосун бузган мүчөлөрдүн тартип жоопкерчилигин кароо сунушталды.

Акыйкатчы Институту №10 мектеп учурда өзүнүн функциясын толук аткарбай жаткандыктан, анын ишинин натыйжалуулугун жана максатка ылайыктуулугун карап чыгууну дагы сунуштады.

Сүрөт: Акыйкатчы институту

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты