Активист Шаменовдун машинасына коюлган граната чыныгы, бирок жараксыз болгон  

  • 2 года мурун

Ишкер, активист Илгиз Шаменовдун машинасынан табылган темир буюм РГД-5 чыныгы граната экенин экспертиза тастыктады. Бирок граната жараксыз болгон.

Бул тууралуу “ПолитКлиника” медиасына Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин маалыматына караганда, ушул жылдын 11-август күнү болжол менен саат 13:55 чамасында «Азия Молл» соода борборунун жертөлөсүндө «Тойота Камри» маркасындагы автоунаасынын алдынан  РГД-5 гранатасына окшош металл буюм табылган жана глушителине зым менен бекитилгендиги аныкталган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, РГД-5 гранатасынын корпусу жана УЗРГМ от алдыруу: күжүрмөн, ок-дары болуп саналат, конструкцияда тротил жана тетрил жарылуучу заттар бар, заводдук ыкма менен даярдалган, кайра заряддалууга дуушар болгон эмес, бирок колдонууга жараксыз болгон. Башкача айтканда, граната күжүрмөн аракетке келтирилиши мүмкүн эмес.

Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин ( Өмүргө жана ден соолукка
коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) фактысы боюнча кылмыш
иши козголгон.

Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган зарыл тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынары айтылды.


Ишкер, активист Илгиз Шаменов бийлик тарапка сып-пикирлери менен белгилүү. 2-августта ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК) сурак берип чыккан.Ал буга чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагы тууралуу пикирлерин байма-бай жазып келген. Шаменов Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Балык чарба жаатында ишкерлик жүргүзөт.

11-август күнү болжол менен саат 13:55 чамасында «Азия Молл» соода борборунун жертөлөсүндө «Тойота Камри» маркасындагы Илгиз Шаменовдун автоунаасынын алдынан  РГД-5 гранатасына окшош металл буюм табылган жана глушителине зым менен бекитилгендиги аныкталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты