Ишкер Илгиз Шаменовдун унаасынан жардыруучу зат табылганы айтылууда

  • 2 года мурун

Эрлан Бекчороевич аттуу Фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасында ишкер Илгиз Шаменовдун унаасынан жардыруучу зат табылып, «Азия Молл» соода борбору эвакуацияланганын жазды.

«Илгиз Шаменов унаасын унаа жуугуч жайга киргизгенде машинаны жууган балдар жардыруучу зат табышкан. «Азия Молл» эвакуацияланды», — деп жазды ал.

Илгиз Шаменов 2-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК) сурак берип чыккан.

Ал буга чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагы тууралуу пикирлерин байма-бай жазып келген.

Шаменов Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Балык чарба жаатында ишкерлик жүргүзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты