Активист Куренов экс-депутат Жамгырчиевдин айткандарын четке какты

Жарандык активист Тилекмат Куренов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиевдин айткандарын Фейсбук баракчасындагы билдирүүсү аркылуу четке какты.

Тилекмат Куренов Эмил Жамгырчиевдин айтуусу боюнча Дубайга эмнеге ага жолугууга барганын жана паспортун жоготкон жагдайын түшүндүрдү:

-Демөөрчү таптым, акча аябай көп, сен келбесең акча бербейт деди. Ошондо ким кимден акча сурады? Эмил Жамгырчиев ошолор акча берет, сен мага 40-50 миң доллар берип тур, атам ооруп жатат деди. Биринчи Европадан жолугалы дегенбиз, бирок виза ачпайт экен, Дубайдан жолугалы деп сүйлөштүк, билет алдык. Жамгырчиев менен мейманканадан жолуктук. Буга чейин түшүнүксүз жагдайлар болду. Жамгырчиев кантип чек арадан чыгат десем, ал «атам ооруп жатат деген шылтоо менен чыгам» деди. «Чыгымга» деп, байкелер берди деген акчадан алгам. Бирок мен анын өзүнөн акча сураган эмесмин» деди Тилекмат Куренов.

Ошондой эле Тилекмат Куренов Дубайдан паспортун жоготконун, Жамгырчиевдин шашылыш учуп кеткени күмөн жаратканын билдирди.

Эмил Жамгырчиев тараткан видео боюнча Тилекмат Куренов мындай кадамга барганын өзүн өзү камсыздап койгонун, келинчегине Дубайдан жок болуп кетсем, ушуну Жамгырчиевге көрсөтөсүң дегенде, келинчеги жиберген. Видеону тарткан себебин Куренов Имамидин Ташов сыяктуу анын жанында УКМК кызматкерлери болуп калбасын деген ойдон улам тартканын билдирди. Жамгырчиевдин мындай кадамдарды күтпөгөнүн айтты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев социалдык тармактарда тараган Тилекмат Куреновго байланыштуу анын дарегине айтылган сөздөргө жооп берди.

“Ооба, мен Тилекмат менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Үй-бүлөсү кыйналып жатканын айтып, жардам сураганда жок деген эмесмин. Акыркы жолу кызы ооруп жатканын айтып, дагы кайрылды. Буга чейин деле жараткандын сүйүктүү пенделери болгон өзгөчө балдарга кол сунуп келгем жана кол суна берем, Тилекматтын кызы да өзгөчө балдардын катарында экенин укканда, жок дей алган жокмун. Атам ооруп жаткандыктан чет жакка чыгарымды айтсам, Бириккен Араб Эмираттарына билет алып берүүмдү суранып, ошол жактан кызына каржы жагынан жардам бере ала турган адамдар менен тааныштырып коюумду өтүндү. Дубайдан жолукканыбыз чын, колумдан келген жардамымды берип, чогуу тамактандык» деди Эмил Жамгырчиев.

«Көп өтпөй “Дубайда жүргөн видеоңду коомчулукка чыгарам, дагы акча бересиң” деп талап коюп баштады. Көрсө, буга чейинки сүйлөшүүлөрдү жаздырып, жолукканыбыздан бери видеого түшүрүп жүргөн экен. Бул Болот экөөнүн алдын ала даярдаган сценарийинин бир бөлүгү экенин эми билип отурам. Тилекмат менен Болоттун “паспорт уурдап кетти, сурак берип чыктым” деген жалган маалымат таратып, упай топтойбуз деген спектали суу кечпейт. Себеби БАЭ менен Кыргызстандын ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо тууралуу келишим жок. Менимче, бул билдирүүмдөн кийин эл өзү таразалап алат” деди Эмил Жамгырчиев.

Буга чейин социалдык тармакта, журналист Болот Темиров Дубайда Тилекмат Куреновдун паспорту жоголгонун жана ал өлкөдөн чыга албай жатканын кабарлаган. Анын АКШдан Бириккен Араб Эмираттарына, Дубайга келишине жана паспортунун жоголушуна мурдагы депутат Эмил Жамгырчиевдин тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирген. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев активист Тилекмат Куренов менен жолугушуу максатында Бириккен Араб Эмираттарына, Дубай шаарына барган факты боюнча УКМКга суракка чакырылганын кабарлады.  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бийликти күч менен басып алуу, мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетине шектелип, Имамидин Ташов менен Тилекмат Куреновдун активдүү өнөктөштөрү кармалганын кабарлаган.  

Имамидин Ташов менен Тилекмат Куреновго (Тилекмат Кудайберген уулу) бийликти күч менен басып алуу максатында жапырт башаламандык уюштуруу аракетине байланыштуу издөө жарыяланган.  Бул факты боюнча “Бийликти күч менен басып алуу”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.

Тилекмат Куренов болсо, АКШга чыгып кеткени маалым болгон. Ал эми Дубайда Тилекмат Куренов менен бирге жүрөт деген Эмил Жамгырчиевди Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Тергөө башкармалыгынын өтүнүчүнүн негизинде эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.

Өткөн жылы 27-декабрда Жамгырчиевге кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты