Активист Адилет Балтабайды колдоо митинги өтүүдө  

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык сотунун алдында жарандык активист Адилет Балтабайды колдоо митинги өтүп жатат.

Каршылык акциясына чыккандар жарандык активист Адилет Балтабайга негизсиз айып коюлганын айтып жатышат. Чогулгандар «Адилет Балтабайга — боштондук!, «Мыйзамдуулук орносун!» деп ураан чакырышууда. Ошондой эле Тилекмат Куреновго, Мелис Аспековго ж.б.боштондук берилишин талап кылышты.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Адилет Балтабайдын иши боюнча сот жараяны болууда.

Жарандык активист Адилет Балтабай «массалык башаламандыкка чакырык жасаган» деген айып менен камакка алынган.

Активист Адилет Балтабайды колдоо митинги өтүүдө  
Сүрөттөр: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты