Актан Арым Кубаттын “Кара. Кызыл. Сары” аттуу көркөм фильминин бет ачары болот

  • 10 месяцев мурун

“Кыргызфильм» улуттук киностудиясында тартылган режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара. Кызыл. Сары» аттуу көркөм тасмасынын улуттук бет ачары өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августта Бишкекте өтөрүн жарыялады.  

Ошондой эле XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалынын баш байгесинин жеңүүчүсү болгон тасма — 2025-жылдын 21-25-август күндөрүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн «Эң мыкты тасмалар жумалыгы» иш-чарасына да катышарын билдирди.

Кино жумалык Кытайдын Циндао шаарында өтөт. Жергиликтүү көрүүчүлөр эки апта бою ШКУ өлкөлөрүнүн эң мыкты 30дан ашуун тасмасын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Тасмада кыргыздын, анын ичинде башкы каарман Турдугүлдүн килем токуу өнөрү жана анын кеч келген махабаты, үй-бүлөлүк жоопкерчилик чагылдырылган. Фильмдин аталышы килемдеги өңдөргө байланыштуу коюлган.

Анын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, 2024-жылы Баткен облусунда тартылган.

Сүрөт: «Кыргызфильм»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты