Аксыда  төрт айыл аймак тургундары селден жабыр тартышты (Видео)  

20-майда  болжол менен саат 17:30дар чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан 4 айыл аймактын тургундары жабыр тартып, мал жандыктарын сел суулар агызып, ички жолдорго кум шагылдар толгон.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

“ӨКМге караштуу мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп, жергиликтүү бийлик жаз мезгилинде ички суу өтүүчү ирригациялык арыктарды толук тазалабагандыктан ушундай кырдаал орун алганын билдиришүүдө” деп айтылат маалыматта.  

Алдыдагы күндөрү кайрадан ирригациялык суу өтүүчү арыктарды тазалоо боюнча эскертме нускамалары берилерин тиешелүү адистер айтышууда.

Сүрөт: Видео тасмадан алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты