Аксы районунун акушер-дарыгери опузалап акча алуу фактысы менен кармалды
- 10 months мурун
- Видео
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жалпы дарыгердик практика борборунун акушер-дарыгери төрөт учурундагы аялдардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылып жана алып жатканда кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз борбору билдирди.
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу М.А. акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүлүшүн суранган.
Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде 2-февралда М.А. өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалды.
Азыркы учурда аталган факт КР УКМК Жалал-Абад областынын башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.