Аксы окуясына 20 жыл. Президенттин кайрылуусу

  • 2 года мурун

Бүгүн, 17-мартта Аксы окуясына 20 жыл толду. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчы 2002-жылдагы Аксы окуясы Кыргызстандын эгемен мезгилдеги тарыхында орчундуу орунду ээлеген, коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири экенине токтолгон.

Авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы аксылыктар чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөнүн, өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын жогору койгонун айткан.

«Эгемен Кыргызстандын тарыхында бир нече төңкөрүштөр орун алды. Алар — демократия жолундагы, таза, эркин, өнүккөн мамлекет куруу сапарындагы эң оор, мааниси терең тарыхый окуялар. Өкүнүчтүүсү, бул тарыхый төңкөрүштөр карапайым жарандарыбыздын өмүрүн алды.
Аксы трагедиясында курман болгон атуулдарыбыз биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн, элдин эркиндиги үчүн өз жандарын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылам!», — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Мамлекет башчысы бул окуялардан сабак алып, демократиялык өлкө катары өнүгүүгө, бакубат жашоого умтулуу негизги максат экенин белгилеген.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты