Аксы: 225 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп колдонууга берилди

  • 3 года мурун

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө 225 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп колдонууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жеңижок атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектеп «Сауд өнүктүрүү» фондунун каржылык колдоосу менен курулган. Ал эки кабаттан туруп, жалпы 225 окуучуга ылайыкташкан. Учурда мектепте 465 окуучу билим алып жатат.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, «Сауд өнүктүрүү» фондунун эсебинен республика боюнча 27 мектептин курулушу каржыланууда. Анын ичинен беш мектептин курулуш иштери толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Алар: Ош облусунун Араван районундагы 225 окуучу орунга ылайыкташкан А. Тургунов атындагы №23 орто мектептин имараты, Кара-Суу районундагы 225 окуучу орунга ылайыкташкан №42 Маданият орто мектебинин имараты, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 225 окуучу орунга ылайыкташкан Ы. Чынгылов атындагы орто мектептин окуу корпусу, Нарын облусунун Кочкор районунун Бугу айылындагы 150 окуучу орунга ылайыкташкан орто мектептин имараты.

Сүрөт: БИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты