“Аксуу-Бедел-Балыкчы” темир жол тилкесин куруу мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыгы айтылды

  • 11 месяцев мурун

“Аксуу-Бедел-Балыкчы” темир жол линиясын куруу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекин шаарында өтүп жаткан жогорку ылдамдыктагы темир жолдор боюнча дөйнөлүк  XXII конгрессте билдирди. 

“Өткөн жылы “Бедел” убактылуу өткөрүү пункту ачылып, анын иш жүзүндө ишке ашырууга даярдыгы тастыкталган. Бүгүнкү күндө негизги этап болуп заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген “Барскоон – Үчтурфан – Аксуу” эл аралык автожолунун курулушу саналат. Келечекте “Аксу-Бедел-Балыкчы” темир жол линиясын куруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул эл аралык темир жол коридорунун жалпы конфигурациясын бекемдейт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кызыккан өнөктөштөрдү “Бедел” автожолун курууда кызматташууга чакырабыз” деди Бакыт Төрөбаев. 

Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилгендей, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 1000 чакырымдан ашуун. Ал эми, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү акыркы бир нече жылда 8 эсеге көбөйүп, өткөн жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 23 млрд долларды түздү.

Конгресске катышуу үчүн дүйнөнүн 108ден ашуун мамлекетинен өкүлдөр келген. Жогорку ылдамдыктагы темир жолдорду курууну талкуулаган дүйнөлүк конгресс үч күнгө уланат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты