АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка киришти
- 3 недели мурун
Бүгүн, 20-январда, Америка Кошмо Штаттарынын 47-президенти Дональд Трамп президенттик кызматына киришти.
Би-Би-Си анын инаугурациясын Ютуб каналында түз эфирде чагылдырды.
Бүгүн Дональд Трамптын инаугурациясы өттү. Вашингтондогу бул азем президент Жо Байдендин кызматтан кетип, президент Дональд Трамптын кызматка киришкен күнү болду. Адатта, президенттин инаугурациясы Капитолийдин сыртында өтөт, бирок күн суук болуп, иш-чара имарат ичинде, ротонд жайында өтүүдө.
Дональд Трамп ант берип, президенттик кызматка киришти. Бул Трамп үчүн экинчи инаугурация, ал 2017-2021-жылдары АКШнын 45-президенти болгон.
Ант берүү аземинен кийин Дональд Трамп сөз сүйлөп, Америка мурдагыдан да кубаттуу болорун, ишеним, сыймык кайтарыларын билдирди. «Мен Американын кубаттуулугун кайтарам» деди Трамп.
2024-жылы 5-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо өттү жана Дональд Трамп жеңишке жетишкен.
Президенттикке эки талапкер ат салышкан, демократиялык партиянын талапкери, АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана республикачылар партиясынан, АКШнын экс-президенти Дональд Трамп.
Сүрөт: Reuters