АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу Казакстан, Өзбекстан, Индияда болот

  • 6 месяцев мурун

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Доналд Лу 4-11-ноябрь күндөрү Казакстан, Өзбекстан жана Индияда болот.

Мамлекеттик департамент 4-ноябрда билдиргендей, Лу баштаган делегация Борбор Азия сапары менен сентябрда өткөн C5+1 саммитинин жетишкендиктерин бекемдөөнү көздөйт.

Дипломат Астанада жогорку жетекчилер менен кездешип, АКШ-Казакстан стратегиялык өнөктөштүк диалогуна катышмакчы. Тараптар орток кызыкчылыктарга кирген маселелерди талкуулашат деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары Мамлекеттик департамент жасаган билдирүүдө Лу жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу кеп болору айтылат.

Андан ары жогорку дипломат Ташкентке жол тартат.

Быйыл февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азияны кыдырып кеткен. Анын сапарынын алдындагы маалымат жыйында Лу Орусия Украинага басып киргенден кийин Борбор Азия мамлекеттеринин “экономикалары жана коому” кысым-басымга туш болгонун айткан.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты