АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына Лесли Вигеринин талапкерлиги көрсөтүлдү

  • 2 года мурун

АКШ президенти Жо Байден АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына Лесли Вигеринин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу элчиликтин «Твиттердеги» баракчасында айтылат.

Вигери учурда АКШнын Мамлекеттик департаментинде Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюродо Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштейт.

Буга чейин АКШнын Өзбекстандагы элчисинин орун басары болгон, Индияда жана Орусияда дипломатиялык кызматтарда иштеген.

Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу болгон. Ал өткөн жылы АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызматына дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты