АКШга Кыргызстандын жарандары үчүн туристтик жана иш визасынын мөөнөтү 10 жылга чейин узартылды

  • 2 месяца мурун

Америка Кошмо Штаттарына Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн туристтик жана иш визасын берүүнүн мөөнөтү эки эселенип, 10 жылга чейин узартылды.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан тышкары АКШга  B1, B2 визаларын алууга арыз берүүдө 20 доллар акы алуу жоюлду.

«Америка Кошмо Штаттары саякаттарды жеңилдетип, америкалыктар менен кыргыз элинин ортосундагы байланыштарды тереңдетүүгө умтулат» деп белгиледи элчиликтин басма сөз кызматы.  

Он жылдык B1, B2 и B1/B2 визалары 2024-жылдын 4-мартынан баштап берилген визаларга колдонулат.  Ал эми мурда берилген визалар анда көрсөтүлгөн мөөнөткө гана жарактуу болору айтылат.

Ушул жылы жай айларынан баштап консулдук кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу чаралары каралат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты