АКШдагы президенттик шайлоо: Трамп шайлоочулар коллегиясынын 230, Харрис 205 добушуна ээ болууда
- 1 месяц мурун
АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 230, Камала Харрис 205 добушка ээ болууда.
Associated Press агенттигинин эсептөөлөрүнө караганда, Түндүк Каролинада Трамп жеңди, ал шайлоочулар коллегиясынын 16 добушун алышы ыктымал.
Калган 6 штатта-Аризона, Мичиган, Невада, Висконсин жана Пенсильванияда 90% дан ашык добуш эсептелди. Калган штаттар шайлоочулар коллегиясынын 77 добуш берет.
Талапкер президент болуп шайланыш үчүн шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун алышы керек.
5-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо өттү жана анын жыйынтыгын чыгаруу иштери жүрүп жатат.
Президенттикке эки талапкер ат салышууда, демократиялык партиянын талапкери, АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана республикачылар партиясынан, АКШнын экс-президенти Дональд Трамп.
Сүрөт: AFP