АКШдагы көчө демонстрациясы: ТИМ кыргызстандыктарды коопсуздукту сактоого чакырды
- 3 месяца мурун
Америка Кошмо Штаттарынын бир катар шаарларында уланып жаткан көчө демонстрацияларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ал жакта жүргөн жарандарына коопсуздукту сактоого дагы бир ирет чакырды.
“Терс кесепеттерге жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргыз Республикасынын жарандарын массалык иш-чараларга, демонстрацияларга жана нааразылык акцияларына катышуудан баш тартууну, өздүгүн тастыктоочу документти дайыма алып жүрүүнү жана иммиграция статусунун учурдагы абалын, ошондой эле уруксат берүүчү документтеринин колдонуу мөөнөтүн текшерип турууну сунуштайт” деп айтылат маалыматта.
Кийинки убактарда АКШда иммиграциялык иш-чара учурунда федералдык агенттиктер Миннеаполистеги рейддерде эки кишини: 37 жаштагы Рене Гуд жана Алекс Преттини атып салган. Ошондон улам массалык нааразылыктар күчөгөн.
Иллюстрациялык сүрөт: Миннеаполис, 25-январь, 2026. Фото: Jack Brook/AP Photo/picture alliance




