АКШдагы элчи Молдогазиев президент Трампка ишеним грамотасын тапшырды

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев ишеним грамотасын тапшыруу аземине байланыштуу 11-июнда АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушту.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 17-июнда кабарлады.

Жолугушууда элчи кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп жалпы күн тартибин алдыга жылдыруу, өлкөлөр ортосундагы бекем жана туруктуу достук мамилелерди тереңдетүүгө өз ниетин белгиледи.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга умтулуу ырасталды.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты