АКШда журналисттин жабык мессенжер сүйлөшүүлөрүнө жаңылыш кошулуп калышы боюнча жаңжал уланууда   

  • 2 месяца мурун

АКШда The Atlantic журналынын башкы редактору Жеффри Голдбергди Йемендеги хуситтерге каршы аскер операциясын тескөөчү аткаминерлердин Signal жабык мессенжериндеги топтук сүйлөшүүлөрүнө жаңылыш кошуп коюшкан. Анда президент Трамптын кеңешчилери Йеменде хуситтерге сокку ура турганын билдирип, Европага жек көрүү сезимин билдиришкен. The Atlantic журналы андагы жазышуулардын скриншотун жарыялады.

Мессенжердеги топтук сүйлөшүү-жазышууу учурунда вице-президент Жей Ди Вэнс жана коргоо министри Пит Хегсет европалыктар жөнүндө жек көрүү менен айткан. Анын алдында хуситтерге каршы план тууралуу сөз болгон. Жеффри Голдберг бул тууралуу 24-мартта  The Atlantic журналына жазган. Бул окуядан кийин АКШда жаңжал чыккан.  

Президент Трамптын кеңешчиси Майк Уолц маалыматтын ачыкка чыгып кетиши боюнча жоопкерчиликти өзүнө алган.   

Жеффри Голдберг ал сүйлөшүү мессенжеринен чыккандан кийин да Уолц JG аттуу ник (Голдберг) менен чыккан киши ким экенине жана ал кантип бул мессенжердеги топтук сүйлөшүүлөргө кошулуп калганына кызыккан эмес.

Сенаттагы бул маселени талкуулоодо демократтар коопсуздук сакталбаганы үчүн Улуттук чалгын башчысы Тулси Габбард жана ЦРУнун директору Жон Рэтклиффди катуу сурамжылоого алышкан.   

Сүрөт: Интернет булактарынан 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты