АКШда жүргүнчүлөр учагы кулады
- 2 месяца мурун
АКШнын жарандык авиация федералдык башкармасы билдиргендей, 29-январда жергиликтүү убакыт боюнча, кечки саат 9га жакын PSA Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы конууга бара жатып, Sikorsky H-60 тик учагы менен кагылышып, кулап түшкөн.
Бул тууралуу “Америка үнү” кабарлады.
Учак American Airlines авиакомпаниясы үчүн Вашингтонго Канзас штатынын Вичита шаарынан учуп бара жаткан.
Авиакырсык Вашингтон шаарында Рейган атындагы аэропортко жакын жерде болгон. Колумбия округунун өрт жана тез жардам медициналык департаменти билдиргендей, учак Рональд Рейган атындагы аэропорттон алыс эмес, Потомак дайрасына кулаган. Кулаган учакта 60 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү болгон. Алардын көпчүлүгү каза тапканы айтылууда.
Потомак дайрасына кулаган учак кырсыгынан кийин куткаруу иштери жүрүүдө.
Сүрөт: AP