АКШда шатдаун соңуна чыкты. Өкмөттү каржылоо мыйзамы жактырылып, кол коюлду

  • 1 месяц мурун

АКШдагы шатдаун (иштин токтотулушу) эң узак – 43 күн болуп, эми аягына чыкты. АКШнын Өклдөр палатасы мыйзамды жактырды. Президент Дональд Трамп өкмөттүн ишин 2026-жылдын 30-январына чейин каржылоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу CNN билдирди.

Америкадагы шатдаун 1-октябрда, 2026-жылдагы өкмөттүн бюджетин кароодо демократтар менен республикачылардын эки ача пикиринен улам келип чыккан.  Демократиялык партиянын өкүлдөрү медициналык камсыздандырууда салык жеңилдиктери каралмайынча жана саламаттык сактоодогу жеңилдик программаларына каражат бөлүнмөйүнчө, өкмөттүн бюджетин колдобой турганын билдиришкен.

10-ноябрда Сенаттагы эки палата тең макулдашууга келип, компромисттик вариантка добуш беришти.

Өкүлдөр палатасы 222 добуш менен колдоду, 209 каршы чыкты. Республикачылардын баары макул деп добуш беришти. Андан кийин мыйзамга Дональд Трамп кол койду.

АКдашы шатдаун 43 күнгө созулуп, федералдык уюмдар жабылып, бир нече миңдеген кызматкер акы төлөнбөгөн өргүүгө кетишкен. Ошондой эле авиа каттамдар жана башка көптөгөн процесстер токтоп, муктаждарга азык түлүк талондору берилбей калган.  

Кадимкидей жашоого кайтуу үчүн убакыт керектелээри айтылууда.   

Сүрөт: Reuters    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты