АКШда Өкүлдөр палатасынын спикери болуп республикачы Майк Жонсон шайланды

  • 6 месяцев мурун

АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери болуп төртүнчү жолку добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Республика партиясынын өкүлү Майк Жонсон шайланды. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

Жонсондун спикерлик кызматка дайындалышын 221 республикачынын 220сы колдоду. Демократиялык партиядан талапкер болгон Хаким Жеффрис 209 добуш алды.

Жонсон спикер катары Өкүлдөр палатасында сүйлөгөн алгачкы сөзүндө Израилди колдой турганын, ошондой эле АКШнын түштүк чек араларын кайтаруу жана өлкөнүн улуттук карызын кыскартуу зарылдыгы тууралуу айтты.

«Биз Өкүлдөр палатасына болгон ишенимди калыбына келтиребиз. Комплекстүү консервативдик саясий программаны алдыга жылдырып, Байдендин администрациясынын зыяндуу саясатына каршы күрөшөбүз, чет өлкөлөрдөгү союздаштарыбызды колдойбуз», – деди ал.

Майк Жонсон экс-президент Дональд Трамптын тарапташы катары белгилүү – ал эки жолку импичмент жарыялоо аракети учурунда Трамптын юристтер командасында болуп, аны коргогон.

Жонсон мындан тышкары Украинага жардам берүүгө каршы болуп келген. Буга чейин Киевге 40 миллиард долларлык жардам топтомун жөнөтүү демилгесине каршы добуш берген.

Өкүлдөр палатасынын буга чейинки спикери Кевин Маккарти 4-октябрда кызматтан четтетилген. Республикачылар аны демократтар менен кызматташып, аларга өкмөттүн ишин каржылоону убактылуу узартууга мүмкүндүк түзүп берди деп айыпташкан. Бул АКШнын тарыхында Өкүлдөр палатасы өз спикерин кызматтан кетирген алгачкы учур болуп калган.

1-октябрда президент Жо Байден өкмөттүн жакынкы 45 күндүк ишин каржылоого мүмкүндүк берген убактылуу бюджет тууралуу мыйзамга кол койгон. Анда Украинага жардам берүү үчүн каражат каралган эмес.

Ага чейин бул мыйзамды Өкүлдөр палатасы жактырган. Эгер жактырбай койсо, анда 1-октябрдан тарта чукул кызматтардан башка өкмөттүн мүчөлөрү ишин токтотуп, миңдеген федералдык кызматкерлер акы төлөнбөгөн убактылуу эмгек өргүүсүнө чыгарылмак.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты