АКШда дайынсыз болгон Кыргызстандын жараны изделүүдө
- 1 месяц мурун
Кыргыз Республикасынын 25 жашар жараны А. уулу Б. Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жоголгону тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
«Жоголгон жарандын туугандарынын кайрылуусу түшкөндөн баштап, АКШдагы элчилик анын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам тартипте иш алып бара баштаган. Учурда АКШнын компетенттүү органдары менен, ошондой эле Виржиния жана Вашингтон штаттарындагы активисттер менен активдүү өз ара аракеттешүү жүргүзүлүүдө» деп айтылат маалыматта.
Элчилик жарандын туугандары менен байланышта болуп, бардык зарыл чаралар улантылып жатканын кабарлады.
Буга чейин социалдык тармактарда АКШда Аскар уулу Барчын бир айдан бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланган.

Баш сүрөттө: АКШнын Виржиния штаты. Интернет булактарынан
Сүрөттө: Аскар уулу Барчын. Интернет булактарынан