АКШда биринчи жолу кишиге чочконун жүрөгү салынды

  • 2 года мурун

Америка Кошмо Штаттарында тарыхта биринчи жолу кишиге чочконун жүрөгү салынды.

Жума күнү 57 жаштагы Дэвид Беннетке Мэриленд университетинин медициналык борборунда операция жасалып, жүрөгү алмаштырылды.

Дарыгерлердин айтымында, бейтап азырынча аппаратка туташтырылган, бирок жаңы жүрөк толук кандуу иштей баштады. Алар жасалма түрдө канды айлантуу аппаратын шейшембиде өчүрүүнү пландап жатышат.

Дэвид Беннет дарылоонун башка жолдору натыйжасыз болгонуна байланыштуу дал ушул жаңы процедурага макул болгон. Операция алдында ал: “Тандоо жөнөкөй болду: өлүм же трансплантат. Жашагым келет. Билбейм, бул белгисиз секирик. Бирок бул мен үчүн жалгыз жол”, — деди.

Дарыгерлер божомолдордон оолак болушууда, бирок адистер бул процедура медицинадагы бурулуш окуя болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Былтыр дээрлик 41 миң америкалык жаран донордук орган алган, 4 миңдей америкалыктын жүрөгү алмаштырылган.

Жаныбарлардын органын адамга салуу аракети ондогон жылдар мурун эле башталган. Өткөн кылымдын 60-жылдарында адамга шимпанзенин бөйрөктөрү салынган. Бир учурда бөйрөк 9 ай иштеген. 1983-жылы бабуиндин жүрөгү ымыркай Бэби Фэйге салынган. Кыз үч аптадан кийин чарчап калган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты