АКШда 4 киши каза тапкан жол кырсыгы болду. Кыргызстандын жараны камакта кармалууда

  • 1 месяц мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын Индиана штатындагы 3-февралда State Road 67 автожолунда Б.Б. аттуу 1995-жылы туулган  Кыргыз Республикасынын жараны катышкан жол-транспорт кырсыгы тууралуу билдирүү таратты. Жол кырсыгында төрт киши каза таап, бирөө оор жаракат алган.

Алдын ала маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын жараны айдап бара жаткан жүк ташуучу унаа менен жүргүнчү ташуучу фургондун катышуусундагы жол кырсыгынын кесепетинен төрт киши каза болуп, дагы бир адам оор жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.

Учурда штаттын укук коргоо органдары тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Б.Б. аттуу жаран камакта кармалууда. 

Бул маселе Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин жана Чикаго шаарындагы Башкы консулдуктун көзөмөлүндө болуп, алар АКШнын компетенттүү органдары жана Б.Б. иштеген компания менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ошондой эле бул окуяга байланыштуу зарыл чараларды көрүп жатканын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жабыр тарткан жаранга тез сакайып кетүүнү тилейт. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты