АКШ Өзбекстанга согуштук 50 автоунаа белек кылды

  • 1 год мурун
АКШ Өзбекстанга согуштук 50 автоунаа белек кылды

АКШ Борбордук командачылыгынын кургактыктагы аскерлеринин башчысынын орун басары Вендул Хаглер Өзбекстандын Коргоо министрлигине Polaris MRZR үлгүсүндөгү 50 жеңил согуштук-тактикалык автоунаасын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Ташкенттеги элчилиги кабарлады.

Маалыматка караганда, аскердик техникалар «Өнөктөштөрдүн потенциалын бекемдөө» программасынын алкагында акысыз берилди. Автоунаалардын жалпы баасы 2,8 миллион долларды түзөт.

«Бул техниканын берилиши – Өзбекстандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого салым кошуу үчүн АКШ Ташкентке берип жаткан көмөктүн бир гана формасы болуп эсептелет. Кошмо Штаттар акыркы 31 жылдын ичинде өнүгүп келаткан ортодогу өнөктөштүк мындан ары да өнүгөт деп үмүттөнөт» деди Вендул Хаглер.

АКШ «Өнөктөштөрдүн потенциалын бекемдөө» программасынын алкагында чет өлкөлөр менен аскердик даярдык жана аскердик техникаларды башкаруу тармактарында кызматташып келет.

Быйыл февралда Shephard Media британ басылмасы Өзбекстан АКШдан Puma 3 AE үлгүсүндөгү чалгындоочу 38 кичи дрон сатып аларын кабарлаган. Маалыматка караганда, аларды Өзбекстанга AeroVironment компаниясы 30-ноябрга чейин жеткирет. Өзбекстан ар бир дрон үчүн 225 миң доллардан төлөгөнү кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты