АКШ Украинага дагы 300 миллион долларлык аскердик жардам берет

  • 11 месяцев мурун

АКШ Украинага 300 миллион долларга бааланган аскердик жардамдын жаңы топтомун жөнөтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби билдирди.

Жардамдын жаңы топтомуна Stinger зениттик-ракеталык комплекстери, Avenger абадан коргонуу системасы, танкка каршы AT-4 системалары, 30 миллиондон ашык ок-дары, аймактарды минадан тазалоочу жабдуулар, түрдүү колибрдеги снаряддар, Patriot абадан коргонуу системасы жана HIMARS реактивдүү системалары үчүн ок-дарылар кирет.

21-майда АКШ Украинага 375 миллион долларлык аскердик жардамдын кезектеги топтомун берерин жарыялаган. Ага артиллерия менен ок-дарылар, HIMARS системасы үчүн снаряддар жана башка аскердик техникалар кирген. Мындан тышкары бул сумманын бир бөлүгү украин аскерлерин окуудан өткөрүүгө да жумшалары кабарланган.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын Киевге берген жардамынын жалпы суммасы 37 миллиард доллардан ашканын билдирген.

Сүрөт: EPA-EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты