АКШ Россия жана Украина менен деңизде аскердик аракеттерди токтотуу келишимин макулдашты

  • 2 месяца мурун

Америка Кошмо Штаттары Эр-Рияддагы жолугушууда Украина жана Россия менен кемедеги коопсуздукту сактоону камсыздоо, Кара-Деңизде аскердик аракеттерди токтотуу боюнча келишимге келди.

Бул тууралуу Эр-Рияддагы жолугушуу боюнча америкалык пресс-релиз билдирүүлөрүндө  жазылды.

Кремль болсо, жарашуу Россельхозбанк жана азык-түлүк, жер семирткич чыгаруучулар боюнча санкция алынгандан кийин башталарын билдиргени айтылууда.   

Ошондой эле тараптар коммерциялык кемелерди аскердик максатта колдонууну четке кагуу келишимине келди.  

Энергетикалык объекттерге өз ара сокку урууга тыюу салуу чечими болгон эмес. Ак үйдүн пресс-релиздеринде АКШ согушкан тараптар менен энергетикалык объекттер боюнча сокку урууну 30 күнгө токтотуу сунушун ишке ашыруу чараларын иштеп чыгуу маселелерин сүйлөшкөндүгү айтылат.

Эр-Рияддагы сүйлөшүү 24 жана 25-мартта өттү. АКШнын өкүлдөрү украиналык тарап менен өзүнчө, россиялык тарап менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Россия менен Украина сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты