АКШ Орусиянын мунай импортуна тыюу салды

  • 2 года мурун

АКШ президенти Жо Байден Орусиянын мунай импортуна тыюу салынганын жарыялады. Бул орус президенти Владимир Путиндин Украинадагы согушу үчүн “чоң сокку” болорун белгиледи.

Байден 8-марттагы кайрылуусунда “эркиндикти коргоонун баасы жогору” экенин америкалыктарга эскертти.

“Путин Украинадагы согушту жеңбеси айдан ачык болуп калды. Путин бир шаарды басып алышы мүмкүн, бирок эч качан ал өлкөнү кармап калбайт”, — деп билдирди Байден.

Украин президенти Владимир Зеленский Батышты Москванын ири киреше булагы болгон орус мунайы менен газын сатып албоого чакырып келатат.

АКШнын мунай импортунун 8% жакыны Орусияга туура келет, газды болсо америкалыктар ал өлкөдөн албайт. Байден буга чейин энергетика тармагындагы санкцияларга көнбөй келген. Мамлекет башчы күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, анын кесепети АКШдагы кардарларга да тиерин айткан.

Европа Биримдиги ушундай кадамга бараар-барбасы белгисиз. Эски континент орус энергия булактарына көбүрөөк көз каранды. Европа өлкөлөрү керектеген жаратылыш газынын үчтөн бир бөлүгү Орусиядан келет.

Еврошаркеттин лидерлери 10-мартта Версалда жолугушуп, Москванын энергия булактарынан көз карандылыкты азайтуу жолдорун талкуулашмакчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты